Сот 7-апрель окуясы боюнча айыпталуучу Сергей Цигельниковду камакка алуудан баш тартты

22-июлда өтүп жаткан 7-апрель окуясы боюнча сот отурумунда судья Дамир Оңолбеков айыпталуучу "Альфа" атайын даярдыктагы аскерлер бөлүгүнүн кызматкери Сергей Цигельниковду камакка алуудан баш тартты. Айтымында Цигельников үй камагынан бошото тургандай эреже бузган жок, соттук иштерге үзгүлтүксүз катышып жатат. Буга чейин жабырлануучу тараптын жактоочусу Осунбек Жамансариев Цигельниковду 17-июлдагы сот отурумунда залдагы мушташты козутту деп, аны камакка алуу өтүнүчүн келтирген болчу. Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок. Көрсөтмө бере турган эксперттер келбей калгандыктан, кийинки соттук отурум 23-июлга белгиленди.  

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан