Эгер 1-августка чейин Ысык-Көл облусундагы "СК Ресурс" жана "Каприз - Каракол" ЖЧКларынын 70 пайыз мамлекеттик үлүшүн сатуу аракеттери токтобосо, Жол-Колот айылынын тургундары нааразычылык акциясына чыгышат. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда аталган айылдын жашоочулары билдиришти. Алар бул мекемелерди башкаруу органына айыл тургундарын кошууну талап кылышууда. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинин депутаты Алмаз Иманалиев билдиргендей, бул мейманкана өзүн актай албай жаткандыгы тууралуу маалыматтар жалган. “Биз жергиликтүү жашоочулар бул жай кандай пайда таап жатканын көрүп жатабыз. 3 аптадан бери президентке, спикерге, премьер-министрге кайрылып жатабыз. Бирок алар тараптан эч кандай жооп боло элек”,- деди ал. Эске сала кетсек, облус башчысы Эмил Каптагаев эгерде мейманкана сатылып кете турган болсо, иштен кетерин билдирген.