Москва районунун тургуну өз эрки менен милицияга курал тапшырып берди. Бул тууралуу Чүй ОИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-июлда билдирди. Петровка айылынын 39 жаштагы Б.В. аттуу тургунуна таандык куралдын тийиштүү докмунеттери болгон эмес. Чүй ОИББи билдиргендей, мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды жана ок дарыларды өз эрки менен милицияга тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.