Украинанын учурдагы президенти Пётр Порошенко экинчи мөөнөткө президенттикке ат салышарын расмий жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ал өлкөнүн жана мекендештердин алдындагы терең жоопкерчилик сезими экинчи мөөнөткө президенттикке ат салышуусуна түрткү бергенин айтты.
"Бул жөн гана президенттик шайлоо эмес, эл башчысын жана келечекти тандоо болуп саналат", - деди Порошенко.
Анын учурдагы эң негизги атаандашы "Батькивщина" партиясын жетектеген Юлия Тимошенко болуп жатканын жергиликтүү басылмалар байма-бай жазышууда.
Украинада президенттик шайлоо 2019-жылдын 31-мартына белгиленген. Ал эми президенттик талапкерлерди көрсөтүү документи 3-февралга чейин кабыл алынат. Биринчи айлампанын жыйынтыгы 10-апрелге чейин жарыяланат. Эгерде президенттикке койгон талапкерлер шайлоочулардын 50 пайыз добушун топтой албай калса, экинчи тур өтөт. Экинчи турдун күнү 21-апрелге белгиленген.