Президенттин жарлыгына ылайык, Кыргызстанда улуу муунга кыргыз тилин үйрөтүүчү борборлор ачылат

Кыргызстандын 4 облусунда жана Бишкек шаарында улуу муунга мамлекеттик тилди үйрөтүүчү борборлор ачылат. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, борборлор Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин базасында 15-сентябрына чейин акысыз кыргыз тилин үйрөтүүчү курстары ачылат. “Жогоруда аталган жогорку окуу жайлардын жетекчилерине улуу муунга мамлекеттик тилди окутуу курстары туруктуу иштеши үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу тапшырмалары берилди. Бул борборлор мамлекеттик тилди өнүктүрүү тууралуу президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында ачылууда”,- деп жазылган билдирүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан