Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов ОшТУнун студенттери менен жолугушту

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 22-ноябрда Ош шаарындагы Ош технологиялык университетине иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында министр аталган окуу жайдын ректору Абдыкадыр Абидов менен жолугушуу өткөрүп, сүйлөшүүдө ӨКМ менен ОшТУнун ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү, окуу жайдан министрликке зарыл болгон адистерди даярдоо, лабораториялык жана практикалык жумуштарды биргеликте уюштуруу тууралуу сөз болду. Кубатбек Боронов азыркы учурда министрликтин аймактардагы бөлүмдөрүндө жогорку билимдүү, тажрыйбалуу адистердин аздыгын белгиледи. Министр окуу жайдын "Өзгөчө кырдаалдарда коргоо" кафедрасынын окутуучулар курамы, студенттери менен тар чөйрөдө жыйын өткөрдү. Жыйында суроо-жооп орун алып, министр студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан