Өткөн аптанын аягында ОшТВ телекомпаниясынын жетекчиси алмашты. Буга чейин аталган медиамекемени жетектеп келген Сюита Соурбаеванын ордуна журналист Эрнис Кыязов директор болуп дайындалды. Мурдагы жетекчинин жумуштан кеткенинин себептери азырынча белгисиз. Белгилей кетсек, Эрнис Кыязов буга чейин ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясында иштеп келген.