2013-жылдын 6 айында Бишкекте 2293 жарандын кылмыш жасаганы аныкталып, анын 2249у кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бишкек ШИИББинин билдиришинче, бул убакыт аралыгында ар кандай кылмыштарга айыпталып уюшкан кылмыштуу топтун 20 мүчөсү кармалды. 18-24 жаштардагы 730 жаран, 30-49 жаштардагы 675 жаран, 50 жаштан өйдө 160 жаран, жашы жете электер арасында 159 жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылды.