Көк-Сай айылынын тургундары Казакстанга кетчү "Быстроток" каналын кайрадан тоскону жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда чек ара маселеси боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы Эмир Парпиев билдирди. “Казактар берген убадасын аткарган жок, бизге тиешелүү жайыттын бир гана жерин ачышты. Ошондуктан 2-3 күндүн ичинде Казакстанга кеткен суу кайрадан жабылат”,- деди Парпиев.