Анатолий Кучерена, жактоочу: "Орусиялык көптөгөн айымдар экс-агент Сноуденге турмушка чыгуу каалоолорун айтышууда"

Америкалык атайын кызматтын экс-кызматкери Эдвард Сноуденге юридикалык колдоо көрсөтүп жаткан орусиялык жактоочу Анатолий Кучерена күтүүсүздөн көптөгөн орусиялыктар Сноуденге жардам берүү каалоолорун билдиришип жатканын айтты. Анын билдиришинче, телефондон көптөгөн айымдар чалышып, Сноуден менен жолугуштурууну, ал тургай аны менен нике кыйдырууну уюштурууну суранып жатышыптыр. Алар өздөрүнүн жеке батири бар экенин айтышууда. Ал эми мырзалар акчалай жардам көрсөтө тургандыктарын билдирип жатышат. Кучерена билдиргендей, Сноуден (сүрөттө) азырынча эч кандай жардамга муктаж эмес, ал Федаралдык миграция кызматынан баш паанек берүү өтүнүчүнө жооп күтүп жатат.

16-июлда Снуден расмий түрдө Орусия бийлигинен башпаанек берүүнү суранган.

Айта кетсек, буга чейин Сноуденге Орусиянын аймагында эркин басып жүрүүгө уруксат бериле тургандыгы тууралуу сөздөр айтылып келген. Эдвард Сноуден АКШнын атайын кызматынын жашыруун аракеттерин, европалык өлкөлөргө тыңшоо уюштурулуп жатканын жарыялап, АКШ бийлиги "мамлекеттик менчикке кол салуу" жана "жашыруун маалыматтарды таратуу" беренеси боюнча ага кылмыш ишин козгогон. Сноуден учурда Орусиянын "Шереметьево" аэропортунун аймагында баш калкалоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан