Ош. “Бир дүйнө-Кыргызстан” кыймылы 3 ай аралыгында 5000 даана "Өз укугуңду коргоону үйрөн" аттуу китепче чыгырып элге тараткан

Бүгүн, 23-июлда Ош шаарында “Бир дүйнө-Кыргызстан” укуктук кыймылы маалымат жыйын өткөрүштү. Кыймыл ЮСАИДдин өткөөл мезгилдеги демилгелер программасынын алкагында каржыланып, 3 айга иш жүргүзгөн долбоор катары 3 ай мурун түзүлгөн. 3 ай аралыгында кыймыл Оштогу Шарк, Нариман, Кызыл-Кыштак айылдарынын жашоочулары менен жолугушуп, аларга акысыз юридикалык кеп-кеңеш беришкен. Мындан сырткары, 5000 нускада “Өз укугуңду коргоону үйрөн” аттуу китепче чыгарып таркатышкан. "Жакында дагы 4000 китепче чыгарып элге таратууну пландап жатабыз",- дейт долбоордун координатору Валериян Вахидов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан