Июль айына карата Ош шаарында 5900 жаран жумуш издеп каттоодо турат, алардын 2600ү аялдар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Расмий түрдө жумушсуз статусун алган жарандардын саны 2300 адам. Анын ичинен 42 пайызын аялдар түзөт. Жумуш издөө боюнча каттоодо турган жарандардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 пайызга азайган. 20 жаран жумушсуздук боюнча жөлөк пул алат.