2026-жылы Бишкек шаарынын четинде жайгашкан таштанды ыргытуучу жай толугу менен тазаланып, ал жер сейил багы болот

2026-жылы Бишкек шаарынын четиндеги "Дордой" базарынын жанында жайгашкан таштанды ыргытуучу жай толугу менен тазаланат. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда “Тазалык” ишканасынын жетекчисинин орун басары Павел Клименко билдирди. Айтымында, ушул жылдын октябрь айынан баштап бул жайда тиешелүү иштер жүргүзүлө баштайт. “Азия өнүктүрүү банкынан Кыргызстан 22 миллион евро насыя алган. Анын 10 миллион евросу гранттык түрдө берилген. Бул каражаттардын 3 миллион евросун таштандыларды кайра иштетүүчү завод курууга жумшайбыз. Ал завод ошол таштанды ыргытылып жаткан жерден алыс эмес жерге курулат. Ал эми таштандыга батып калган жай тазаланып, сейил багы курулат”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан