Тайырбек Сарпашев Каракол шаарындагы жолдордун оңдолушун октябрь айына чейин бүтүрүү тапшырмасын берди

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарында болуп, К.Карасаев көчөсүндө жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Анда вице-премьер-министр аталган көчөдөгү жана башка көчөлөрдөгү жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштерин ушул жылдын октябрь айына чейин бүтүрүү тапшырмасын берди. Белгилей кетсек, Каракол шаарындагы аталган жолдун жалпы узундугу 195 чакырымды түзүп, анын 68 чакырымына асфальт төшөлгөн. Оңдоп-түзөө иштери Ысык-Көл облусун Өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан