7-февралда Ош шаарында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусундагы жыйынга бир топ журналисттер киргизилбей калган.
Коллегиялык жыйында 2018-жылда Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары талкууланган. Ага мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары гана катышканы айтылды.
Дал ушундай көрүнүштөр Бишкекте да болгон. 5-февралда Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин маалымат жыйынында кырктан ашык журналист суроо берүүгө үлгүрбөй калган. Анда суроолор ИИМдин басма сөз кызматы алдын ала даярдаган тизме аркылуу берилип, 2 саатка созулган жыйында болгону 16 журналист суроо берген. Алардын көпчүлүгү өкмөткө караштуу ЖМКлар болгон.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийлик өзүн сындаган ЖМКларды угуудан качып жатканы туурабы?" деген соболуна коомдук ишмер Абды Сатаров жооп берди.
Анын айтуусунда, жалпыга маалымдоо каражаттарына эч жерде уруксат бербей койгон жери жок.
“Негизинен жалпыга маалымдоо каражаттары бардык нерсени фактыга таянып, туура бере турган болсо аларга эч ким жолтоо болбойт.
Бир багыттуу кылып берүүдө гана суроо пайда болушу мүмкүн. Ар бир массалык маалымат каражаттары окуянын чоо-жайын эки тараптуу, дүйнөлүк стандартта берүүсү зарыл”, - деди Сатаров.
Жарандык активист Адил Турдукулов, журналисттер Кайыргүл Урумканова, Эльнура Алканова, Турат Акимов жана Жылдыз Бекбаеванын жообу бул шилтемеде.