super.kg logo

Журналисттер Ошто өкмөт башчынын катышуусундагы жыйынга ЖМКлар тандалып киргизилгенин айтышты

 

7-февралда Ош шаарында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусундагы жыйынга бир топ журналисттер киргизилбей калган. Бул тууралуу 7-каналдын кабарчысы Азиза Пусурманкулова билдирди.

Ал өкмөт башчынын Ош шаарына келери тууралуу бир күн мурун маалым болуп, жыйынга катталуу үчүн байланышканын айтты.

"Шаардык мэриянын басма сөз катчысына байланышканыбызда алар жыйындын өтөрү да белгисиз деп айтышкан эле. Башка журналисттер да барып кире албай келишиптир. Жыйынды жашыруун өткөрүүгө аракет кылган деп түшүндүк. Ошол эле кезде мамлекеттик ЖМКнын өкүлдөрү катышкан. Ал жерде болгон маселени чагылдырууга мүмкүнчүлүк берилиши керек эле. Журналисттер арасында Абылгазиев маалымат каражаттарын ылгап коёт деген пикирлер айтылып жатат", - деди Азиза Пусурманкулова.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров 7-каналга берген маегинде өкмөт башчынын катышуусундагы коллегиялык жыйын ачык өткөнүн билдирген.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
122423;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: