Журналист Турат Акимов: “Элдин тагдырын чечем деген кишилер сындан качып жүргөнү туура эмес”

7-февралда Ош шаарында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусундагы жыйынга бир топ журналисттер киргизилбей калган.

Коллегиялык жыйында 2018-жылда Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары талкууланган. Ага мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары гана катышканы айтылды.

Дал ушундай көрүнүштөр Бишкекте да болгон. 5-февралда Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин маалымат жыйынында кырктан ашык журналист суроо берүүгө үлгүрбөй калган. Анда суроолор ИИМдин басма сөз кызматы алдын ала даярдаган тизме аркылуу берилип, 2 саатка созулган жыйында болгону 16 журналист суроо берген. Алардын көпчүлүгү өкмөткө караштуу ЖМКлар болгон.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийлик өзүн сындаган ЖМКларды угуудан качып жатканы туурабы?" деген соболуна журналист Турат Акимов жооп берди.

Ал ЖМК өкүлдөрү бийликти колдобойт деген таризде жыйынга киргизилбей калса керек деген пикирин айтты.

“Муну цензура деп койсо болот. Анткени бийлик ачык-айкындыктан жана сын-пикирден качып жүрөт. Аларды мактаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн киргизет, сындагандарды киргизбейт. Мындай кадамдар бизде көнүмүш катары эле болуп калды. Өкмөт - мамлекеттин бюджетин тейлеген аппарат. Эгерде демократиялык ачык коом курулсун десек, бийлик сын укканга дагы чыдоосу керек. 6 миллион калктын тагдырын чечем деген кишилер сындан качып жүргөнү туура эмес”, - деди Акимов.

Жарандык активист Адил Турдукулов, коомдук ишмер Абды Сатаров, журналисттер Кайыргүл Урумканова, Эльнура Алканова жана Жылдыз Бекбаеванын жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан