Журналист Жылдыз Бекбаева: "Жыйындарга катышуучу активдер да тандалып жатат. Өкмөттүк жыйындар ачык өтүшү керек"

7-февралда Ош шаарында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусундагы жыйынга бир топ журналисттер киргизилбей калган.

Коллегиялык жыйында 2018-жылда Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары талкууланган. Ага мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары гана катышканы айтылды.

Дал ушундай көрүнүштөр Бишкекте да болгон. 5-февралда Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин маалымат жыйынында кырктан ашык журналист суроо берүүгө үлгүрбөй калган. Анда суроолор ИИМдин басма сөз кызматы алдын ала даярдаган тизме аркылуу берилип, 2 саатка созулган жыйында болгону 16 журналист суроо берген. Алардын көпчүлүгү өкмөткө караштуу ЖМКлар болгон.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийлик өзүн сындаган ЖМКларды угуудан качып жатканы туурабы?" деген соболуна ЖМКлардын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын мүчөсү, журналист Жылдыз Бекбаева жооп берди.

Ал маалымат каражаттарынын жыйындарга тандалып киргизилиши туура эмес деген пикирин айтты.

"Өкмөт, тескерисинче, маалымат каражаттарына тегиз карап, көз карандысыз журналисттердин сын-пикирин угуп, ошого жараша иш алып барышса, өкмөттүн иши да алдыга жылмак. Ыңгайсыз суроолорду бере турган журналисттерди чакырбай, өздөрүнө каршы келбеген ЖМКларды катыштырып өздөрү эле эйфорияга кирип, өзүн-өзү мактап жүрсө иш оңолбойт. Мындай нерсе кайра кайталанбай турганын айтып бизге сөз беришти. Эгер улана берсе биз ошого жараша реакция кылабыз. Быйылкы жыл кайра эле аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жылы деп жарыяланбадыбы. Бийликтегилер демократиялык коомду түзүп жатабыз деп мактанганы менен, ошого жараша иш жасашы керек. Демократиялык коомдо бардык нерсе ачык-айкын болушу керек. Эгер жаап-жашырып жыйын өткөрө беришсе маалыматты цензурага айлантып коюшат. "Биз өзүбүз тартабыз, анан силерге беребиз" деген цензуранын бир түрү, сөз эркиндигине басым көрсөтүү. Эгерде мамлекеттик сыр талкуулана турган жыйын болсо бир жөн, бирок бир жылдык иштин жыйынтыгы талкуулана турган жыйын ачык-айкын өтүшү керек. Активдерди да тандап чакырып жатышат. Журналисттер да, коомчулукта каалаган адамдар ошондой жыйындарга катыша ала тургандай шарт түзүлүшү керек", - деди Бекбаева.

Жарандык активист Адил Турдукулов, коомдук ишмер Абды Сатаров, журналисттер Кайыргүл Урумканова, Эльнура Алканова жана Турат Акимовдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан