Бүгүн, 23-июлда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акимин шайлоо болуп өттү. Анда 85 добуш менен Алымкул Кулуев Ала-Бука районунун акими болуп шайланды. Ал эми башка талапкерлер Курманбек Ахмедов 43 добуш, Чынарбек Термечиков 25 добуш жана Арстанбек Курманалиев 1 добуш алган. Шайлоого 168 депутат катышып, 10 депутат ар кандай себептерге байланыштуу шайлоого катышпай калган. Эске салсак, Алымкул Кулуев буга чейин аталган райондун акиминин милдетин аткаруучу болуп иштеп келген.