26-ноябрда парламентте "Жарандык кодекс" жана "Күрөө жөнүндө" мыйзамдарын талкуулаган тегерек стол өтөт
26-ноябрда парламентте “Айрым мыйзам актыларына түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору ("Жарандык кодекс" жана “Күрөө жөнүндө” мыйзамга) боюнча тегерек стол өтөт. Бул күнү ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жана Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитети ЮСАИДдин Жогорку Кеңешке көмөктөшүү программасы менен биргеликте, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун талкууга алмакчы. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Улукбек Кочкоров жана Улан Чолпонбаев.