Ысык-Көл. Жети-Өгүздө кичи автобус катышкан жол кырсыгынан жаракат алган бир жаран ооруканадан көз жумду

Жети-Өгүз районунда кичи автобус катышкан жол кырсыгынан жаракат алып ооруканага жеткирилген бир жаран каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ооруканасынын башкы дарыгери Токтобек Маанаев билдирди. Айтымында, ооруканага оор жаракаттар менен 4 жаран келип түшкөн. “Калган 3 жарандын абалы оор. Алардын өмүрүн сактап калууга болгон аракетибизди жумшайбыз”,- деди ал. Эске салсак, бүгүн, 23-июлда Жети-Өгүздүн Кытай айылында жүргүнчү ташып бараткан кичи автобус кырсыкка кабылып, 10 адам көз жумган болчу.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан