Депутат Дастан Бекешев: "Жол белгилери турса эрежелер сакталышы керек"

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында шаар ичине коюлган камералар 7 эреже бузууну каттайт. Эреже бузуунун тизмесинин арасында 6-пункт жол эрежелерине каршы пикирди жаратат. Андагы эрежеге ылайык, белгиленген ылдамдыктан саатына 20 чакырымга жеткирбей айдаса айдоочу айыпка тартылбайт. Бул жерде адамдардын, алардын ичинде жаш балдардын өмүрүнө коркунуч келет деген маселе жаралат. Анткени ылдамдыгы саатына 40 чакырым деп белгиленген жерлерде саатына 60 чакырымга чейин айдап, жазага тартылбастан жүрө берүүгө болот.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул боюнча: "Жол кыймылынын эрежелери менен административдик эрежелер кодексинин ортосунда карама-каршы келген жагдайлар жаралса, негизи административдик кодекс жол кыймылынын эрежелерине караганда жогору турат", - деп жооп берген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Мектеп жана бала бакчалардын жанында ылдамдыкты чектөө саатына 40 чакырым болгонуна карабай саатына 60 чакырым ылдамдыкта айдаса, жаңы кодекске ылайык, ага чара көрүлбөйт экен. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?" деген собол салды.

Суроого жооп берген Дастан Бекешевдин пикиринде, саатына 40 чакырымдан ашык айдабасын десек жол белгилерин менен коюп, чектөө киргизсе болот.

“Мектеп жана бала бакчалардын жанында унаа жолдорундагы унаа ылдамдыгын азайтуучу дөңсөө коюлат. Негизи жол белгилери турса эрежелер сакталышы керек. 40 чакырымдан ашык айдабасын десек жол белгилери менен коюп, чектөө киргизсе болот”, - дейт Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Мирлан Бакиров, Айнуру Алтыбаева, Марлен Маматалиев, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча серепчи Азамат Аттокуров, Кыргыз өлкөсүндөгү айдоочулар уюмунун төрагасынын орун басары, Бишкек автомектебинин директору Дүйшөналы Токтакуновдун айткан пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан