КҮНСОБОЛ: Мектеп жана бала бакчалардын жанында ылдамдыкты чектөө саатына 40 чакырым болгонуна карабай саатына 60 чакырым ылдамдыкта айдаса, жаңы кодекске ылайык, ага чара көрүлбөйт экен. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында шаар ичине коюлган камералар 7 эреже бузууну каттайт. Эреже бузуунун тизмесинин арасында 6-пункт жол эрежелерине каршы пикирди жаратат. Андагы эрежеге ылайык, белгиленген ылдамдыктан саатына 20 чакырымга жеткирбей айдаса айдоочу айыпка тартылбайт. Бул жерде адамдардын, алардын ичинде жаш балдардын өмүрүнө коркунуч келет деген маселе жаралат. Анткени ылдамдыгы саатына 40 чакырым деп белгиленген жерлерде саатына 60 чакырымга чейин айдап, жазага тартылбастан жүрө берүүгө болот.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул боюнча: "Жол кыймылынын эрежелери менен административдик эрежелер кодексинин ортосунда карама-каршы келген жагдайлар жаралса, негизи административдик кодекс жол кыймылынын эрежелерине караганда жогору турат", - деп жооп берген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Мектеп жана бала бакчалардын жанында ылдамдыкты чектөө саатына 40 чакырым болгонуна карабай саатына 60 чакырым ылдамдыкта айдаса, жаңы кодекске ылайык, ага чара көрүлбөйт экен. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?" деген собол салды.

МОМБЕКОВ: "Мындан эл зыян тартууда. Ишти аягынан өйдө карай жасап жатышат"

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жаңы кодекстин жана “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында кирген жол эрежелериндеги дал келишпестиктерден эл кыйналып жатканын айтты.

“Шаар ичинде саатына 40 чакырым ылдамдыктан азыраак айдаса тыгын болууда. Андан ашык ылдамдыкта айдаса айып пул төлөп калышууда. Ал эми жаңы кодексте андай нерсе жазылган эмес. Мына ошонун баарын шайкеш келтирүү алкагында өкмөт эми сунуш киргизип жатат. Булар коопсуздук шаарды киргизүүдөн мурда биринчи мыйзамдарды, андан кийин жол белгилерин тактап коюшу керек болчу.

Камераларды орнотуудан мурда айып пулдарды түшүндүрүү керек болчу. Өкмөт биринчи “Коопсуз шаарды” киргизип салышты, а белгилер азыр коюлуп баштады. Мындан эл зыян тартууда. Ишти башынан баштабай аягынан өйдө кетип жатышат”, - деди Момбеков.

БЕКЕШЕВ: "Жол белгилери турса эрежелер сакталышы керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдиргендей, саатына 40 чакырымдан ашык айдабасын десек жол белгилерин коюп, чектөө киргизсе болот.

“Мектеп жана бала бакчалардын жанында унаа жолдорундагы унаа ылдамдыгын азайтуучу дөңсөө коюлат. Негизи жол белгилери турса эрежелер сакталышы керек. 40 чакырымдан ашык айдабасын десек жол белгилери менен коюп, чектөө киргизсе болот”, - дейт Бекешев.

ТОКТАКУНОВ: "Айдоочуларды жол эрежесин бузууга түрткөн кодекс ишке кирди"

Кыргыз өлкөсүндөгү айдоочулар уюмунун төрагасынын орун басары, Бишкек автомектебинин директору Дүйшөналы Токтакунов:

"Жолдо жүрүүнүн эрежеси атайын токтом менен, Кодекс болсо мыйзам менен бекиген. Бирок экөө бири-бирине карама-каршы. Негизи жолдо жүрүүнүн эрежеси боюнча эгер белгиленген жерден саатына 40 чакырымдан жогорку ылдамдыкта айдаса айып салынат. Ошон үчүн бул кодексти иштете турган болсо жолдо жүрүүнүн эрежесин да өзгөртүү керек. Бирок анда да туура эмес болуп калат.

Бул айдоочуларды жолдо жүрүүнүн эрежесин бузууга мажбурлаган кодекс болуп эсептелинет. Анткени 40 чакырым ылдамдык деген жөн эле жерден келип чыккан эмес да. Ал жер кооптуу жай, балдар жүргөн жер болгондуктан ылдамдык азайсын деп каралган. Анткени балдарга ишенич жок, жүгүрүп чыга калышы мүмкүн да. Калк жашаган аймакта, шаарда саатына 60 чакырым ылдамдык менен айдоонун өзү кыйын. Ошол эле жерде 80 чакырым ылдамдык менен айдап, 81 болгондо айып салынары көрсөтүлгөн. Бул таптакыр туура эмес. Бул жол эрежесин бузууга шарт түзгөн кодекс болуп калды".

Ошондой эле ал бул кодексте дагы бир катар көйгөйлөр бар экенин, дыкат изилденбей туруп түзүлгөн деген пикирин кошумчалады.

БАКИРОВ: "Жаңы кодекстер ишке киргенден кийин бир топ кемчиликтер чыгып жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров мектептердин алдындагы ылдамдыкты чектөө саатына 40 чакырым бойдон калуу керек экенин айтты.

"Жаңы кодекстер кабыл алынгандан кийин бир топ кемчиликтер чыгып жатат. Ошого ылайык, өкмөт тарабынан өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Мектеп жана бала бакчалардын жанында ылдамдыкты чектөө саатына 40 чакырым деген чек болушу керек. 60 чакырым ылдамдыкка чейин айдоого уруксат берилип калган болсо, бул өзгөртүлүшү керек. Ошондой эле жол эрежелери орнотулушу зарыл", - деди Бакиров.

АЛТЫБАЕВА: "Кандай гана кодекс болбосун ишке киргенден кийин сынап көрүү керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева кодекстер ишке киргенден кийин дароо эле өзгөртүүгө болбойт деген пикирин айтты.

"Укук нормативдик актылар бар. Статусу боюнча эң биринчи Конституция, кодекс, андан кийин Конституциялык мыйзам. Кодекс статусу боюнча жоболордон, мыйзамдан жогору турат. Эгер кодекстерде жол эрежелерине дал келбей жатса анда дагы оңдойбуз. Кодексте жазылган ченемдер иштебей, жол кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келсе ал жери оңдолот. Биринчи иштеп көрсүн. Бир жумада эле иштебейт экен деп өзгөртүүгө киришкен туура эмес. Түкүрүктөр боюнча да талкуу болуп жатты. 5 500 сомдон төлөп көрүшсүн, анан кодекстер иштейби же жокпу көрөбүз. 100-200 адам каршы болуп жатат деп эле 6 миллион адамдын укуктарын бузууга да болбойт", - деди депутат.

МАМАТАЛИЕВ: "Мектеп жана бала бакчалардын жанында ылдамдыкты чектөө саатына 40 чакырым сакталышы керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев мындай эреже бузууга каршы экенин айтты.

“Мындай эреже бузуу болбойт. Өз пикиримди жазуу түрүндө дагы Ички иштер министрлигине жаздым. Биринчиден, саатына 40 чакырым ылдамдык деген эрежеси сакталышы керек. Муну өзгөртүп, жол эрежесин бузуунун кереги жок. Бул ылдамдыктан ашпоо зарыл. Бирок ушунчалык эле керек болуп жатса, түнкү саат 8ден баштап, эртең мененкиге чейинки эреже катары саатына 60 чакырым ылдамдыкта айдаса болот деп кошуп коюшсун. Анткени түнкүсүн мектеп, бала бакчалар иштебейт. Ошондуктан толугу менен жаңы кодекске каршымын”, - деди Маматалиев.

АТТОКУРОВ: "Адам өмүрү коркунучта турганда кодексте ката кеткени аныкталса тез оңдоо керек"

Мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча серепчи Азамат Аттокуров кодексте техникалык катачылыктар көп деген пикирин айтты.

"Мурун кодекс боюнча көрсөтүлгөн ылдамдыктан сырткары 10 чакырымга жеңилдик берилет эле. Мурун саатына 40 чакырым деген жерден 50 чакырымга чейин жүрсө болот эле. Бул нерсе туура эмес, муну оңдошот деп ойлоп жатам. Катачылык кеткени билингенде дароо оңдош керек. Анткени бул жерде адамдардын өмүрү коркунучта турат. Кодекс боюнча дагы бир нерсе бар. Эгер айдоочу мас абалында унаа айдаганы аныкталса 17 500 сом айып салынат, эгер текшерүүдөн өтүүдөн баш тартса 5 500 сом айып салынат. Бул жерде текшерүүдөн өтпөй койгон пайдалуураак болуп жатат. Ичкен адам мен өтпөйм деп аз акчаны төлөп койсо боло тургандай болуп калган. Мурун мас абалында экени аныкталабы, текшерүүдөн өтүүдөн баш тартабы же жокпу 10 000 сомдон 20 000 сомго чейин айып салынчу. Мындан сырткары дагы көп пункттар бар", - деди ал.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан