"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында шаар ичине коюлган камералар 7 эреже бузууну каттайт. Эреже бузуунун тизмесинин арасында 6-пункт жол эрежелерине каршы пикирди жаратат. Андагы эрежеге ылайык, белгиленген ылдамдыктан саатына 20 чакырымга жеткирбей айдаса айдоочу айыпка тартылбайт. Бул жерде адамдардын, алардын ичинде жаш балдардын өмүрүнө коркунуч келет деген маселе жаралат. Анткени ылдамдыгы саатына 40 чакырым деп белгиленген жерлерде саатына 60 чакырымга чейин айдап, жазага тартылбастан жүрө берүүгө болот.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул боюнча: "Жол кыймылынын эрежелери менен административдик эрежелер кодексинин ортосунда карама-каршы келген жагдайлар жаралса, негизи административдик кодекс жол кыймылынын эрежелерине караганда жогору турат", - деп жооп берген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Мектеп жана бала бакчалардын жанында ылдамдыкты чектөө саатына 40 чакырым болгонуна карабай саатына 60 чакырым ылдамдыкта айдаса, жаңы кодекске ылайык, ага чара көрүлбөйт экен. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?" деген собол салды.
Бул боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча серепчи Азамат Аттокуров кодексте техникалык катачылыктар көп деген пикирин айтты.
"Мурун кодекс боюнча көрсөтүлгөн ылдамдыктан сырткары 10 чакырымга жеңилдик берилет эле. Мурун саатына 40 чакырым деген жерден 50 чакырымга чейин жүрсө болот эле. Бул нерсе туура эмес, муну оңдошот деп ойлоп жатам. Катачылык кеткени билингенде дароо оңдош керек. Анткени бул жерде адамдардын өмүрү коркунучта турат. Кодекс боюнча дагы бир нерсе бар. Эгер айдоочу мас абалында унаа айдаганы аныкталса 17 500 сом айып салынат, эгер текшерүүдөн өтүүдөн баш тартса 5 500 сом айып салынат. Бул жерде текшерүүдөн өтпөй койгон пайдалуураак болуп жатат. Ичкен адам мен өтпөйм деп аз акчаны төлөп койсо боло тургандай болуп калган. Мурун мас абалында экени аныкталабы, текшерүүдөн өтүүдөн баш тартабы же жокпу 10 000 сомдон 20 000 сомго чейин айып салынчу. Мындан сырткары дагы көп пункттар бар", - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Мирлан Бакиров, Айнуру Алтыбаева, Марлен Маматалиев, Дастан Бекешев, Кыргыз өлкөсүндөгү айдоочулар уюмунун төрагасынын орун басары, Бишкек автомектебинин директору Дүйшөналы Токтакуновдун айткан пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.