Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков: "Мындан эл зыян тартууда. Ишти аягынан өйдө карай жасап жатышат"

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында шаар ичине коюлган камералар 7 эреже бузууну каттайт. Эреже бузуунун тизмесинин арасында 6-пункт жол эрежелерине каршы пикирди жаратат. Андагы эрежеге ылайык, белгиленген ылдамдыктан саатына 20 чакырымга жеткирбей айдаса айдоочу айыпка тартылбайт. Бул жерде адамдардын, алардын ичинде жаш балдардын өмүрүнө коркунуч келет деген маселе жаралат. Анткени ылдамдыгы саатына 40 чакырым деп белгиленген жерлерде саатына 60 чакырымга чейин айдап, жазага тартылбастан жүрө берүүгө болот.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул боюнча: "Жол кыймылынын эрежелери менен административдик эрежелер кодексинин ортосунда карама-каршы келген жагдайлар жаралса, негизи административдик кодекс жол кыймылынын эрежелерине караганда жогору турат", - деп жооп берген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Мектеп жана бала бакчалардын жанында ылдамдыкты чектөө саатына 40 чакырым болгонуна карабай саатына 60 чакырым ылдамдыкта айдаса, жаңы кодекске ылайык, ага чара көрүлбөйт экен. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жооп берди.

Ал жаңы кодекстин жана “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында кирген жол эрежелериндеги дал келишпестиктерден эл кыйналып жатканын айтты.

“Шаар ичинде саатына 40 чакырым ылдамдыктан азыраак айдаса тыгын болууда. Андан ашык ылдамдыкта айдаса айып пул төлөп калышууда. Ал эми жаңы кодексте андай нерсе жазылган эмес. Мына ошонун баарын шайкеш келтирүү алкагында өкмөт эми сунуш киргизип жатат. Булар "Коопсуз шаарды" киргизүүдөн мурун биринчи мыйзамдарды, андан кийин жол белгилерин тактап коюшу керек болчу.

Камераларды орнотуудан мурда айып пулдарды түшүндүрүү керек болчу. Өкмөт биринчи “Коопсуз шаарды” киргизип салды, а белгилер азыр коюлуп баштады. Мындан эл зыян тартууда. Ишти башынан баштабай, аягынан өйдө кетип жатышат”, - деди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Айнуру Алтыбаева, Марлен Маматалиев, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча серепчи Азамат Аттокуров, Кыргыз өлкөсүндөгү айдоочулар уюмунун төрагасынын орун басары, Бишкек автомектебинин директору Дүйшөналы Токтакуновдун айткан пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан