Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого 17 эл аралык байкоочу көзөмөлдүк кылат
Борбордук шайлоо комиссиясы 25-ноябрда өтчү жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо сала турган эл аралык 17 байкоочуну каттоодон өткөрдү. Казакстандын БШКсынан 2 байкоочу - Куандык Турганкулов жана Донат Байгараев, Грузиянын БШКсынан 2 байкоочу - Гизо Мчедлидзе жанга Иосиф Татарашвили, Улуттук демократиялык институттан 1 байкоочу - Кирин Скотт, Эл аралык Республикалык институттан 1 байкоочу - Смарт Жейсон, "Чыгыш-Батыш" британиялык борбордон 2 байкоочу - Пол Стивен Спенсер жана Пирт Ашер Кристофер Жон, КРдагы Эл аралык шайлоо системи фондунан 9 байкоочу алдыдагы шайлоолорго көзөмөл салып турмакчы.