Ысык-Көл. Жети-Өгүздө 14 адам көз жумган автокырсыктан жаракат алган бир аял жана 5 жашар кыз ооруканада. Абалы оор

23-июлда Жети-Өгүз районунун Кытай айылында болгон автокырсыктан жаракат алган алты адам учурда облустук ооруканада дарыланууда. Оорукананын башчысы Токтобай Маанаевдин айтымында, аталган кырсыкка кабылган 19 адам ооруканага келип түшсө, алардын 13ү ооруканага жеткиче эле каза тапкан. “Эки автоунаага каза болгон адамдардын сөөктөрүн жүктөп келишти. 12 каза болгон адамдын сөөгү өлүкканага жайгаштырылган. Ал эми бир жарандын сөөгүн туугандары кырсык болгон жерден дароо алып кетишкен. Тилекке каршы, ооруканадан алган жаракаттарынын кесепетинен дагы бир адам көз жумду”,- деди Маанаев. Ал эми учурда облустук оорукананын жандандыруучу бөлүмүндө бир аял жана беш жашар кыз жатат. Алардын абалы оор. Травматология бөлүмүндө үч эркек, бир аял дарыланууда, абалдары орточо. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан