Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы өзбекстандык ММКлардан жалган маалымат таратпоону суранды
Бүгүн, 24-июлда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара
кызматы Жалал-Абад облусунда болгон атышуу тууралуу Өзбекстандын массалык
маалымат каражаттары такталбаган, жалган маалыматтарды таратып жаткандыгын
билдирди. “Иликтөөнүн жыйынтыгы чыга электе эле өзбек тарап кыргызстандык чек
арачыларды күнөөлөгөн маалыматтарды таратууда. Ошондой эле кыргыз-өзбек чек ара
кызматтары 23-июлда болгон окуяны иликтеп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды
бурмалап берүүдө. Өзбекстандын ММКларынын мындай иш-аракеттери окуяны объективдүү
иликтөөгө терс таасирин тийгизип жатат. Буга байланыштуу териштирүү иштери
бүткүчө жаңжал тууралуу жалган маалыматты таратпоону өзбек тараптан суранат”,-
деп жазылган билдирүүдө.