Сапар Исаковдун жактоочусу, "кара кассаны" жарыялаган Нурбек Токтакунов тууралуу тараган видео боюнча "Адилеттүүлүк үчүн" комитети билдирүү таратты

Социалдык түйүндөр аркылуу адвокат Нурбек Токтакунов тууралуу тараган видео боюнча бүгүн, 21-февралда "Адилеттүүлүк үчүн" комитети билдирүү таратты.

Билдирүүдө бул аракеттер аны каралоо максатында атайын уюштурулуп жатканы айтылат.

"Акыркы күндөрү укук коргоочу жана адвокат Нурбек Токтакуновдун ар-намысына, жеке жашоосуна байланыштуу адамдык жана саясий маданиятка туура келбеген, каралоочу макалалар жана видеолор социалдык түйүндөр аркылуу коомго таратыла баштады. Биз бул каралоолор анын адвокаттык ишмердүүлүгүнө жана жарандык позициясына байланыштуу деп эсептейбиз.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана эл аралык практикага ылайык, ар бир Кыргыз жараны, өз укугун коргоо үчүн адвокат алуу укугуна ээ. Ошол эле убакта адвокат катары Нурбек Токтакунов каалаган адамын коргоого укуктуу.

Башка көз караштагы эгемендүү жарандарды атайын кызматтарды пайдаланып каралоо, жеке турмушуна тиешелүү маалыматтарды жарыялоо бир дагы бийликке кадыр-барк, стратегиялык ишеним алып келбейт. Бул - бийликтин күчтүүлүгүн эмес, тескерисинче, алсыздыгын жана акылсыздыгын көрсөтөт.

Өлкө жетекчилигинен, УКМК төрагасынан Кыргыздагы көрүнүктүү укук коргоочулардын бири жана адвокат Нурбек Токтакуновго карата болуп жаткан каралоолорду токтотууну жана мындай каралоолорду уюштургандарга чара көрүүнү талап кылабыз. Бардык ар-намысы, туруктуу позициясы бар жарандарды, журналисттерди жана саясатчыларды ушул сыяктуу ыплас көрүнүштөргө каршы турууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Кечээ 20-февралда интернетке жактоочу тууралуу видео жарыяланып, социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан. Видеодо Нурбек Токтакунов "Прецедент" бейөкмөт уюмунун жетекчиси экени, психикалык жактан жабыркай турганы айтылган. Андан сырткары видеодо анын жеке жашоосу жөнүндө да кеп козголгон. Анда Токтакуновго окшош киши менен белгисиз аялдын кучакташып тургандары да көрүнгөн. Жактоочу видео боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан.

Нурбек Токтакунов - учурда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу. Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. Ал эми Токтакунов Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча келишимди ратификациялоодо Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков жана тиешелүү комитет төрагалары жоопко тартылышы керектигин талап кылып келет.

Өткөн жылдын ноябрь айында ал "кара касса" - 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Erik2018
2019-02-21 14:12:20
Нурбек бир тараптуу болуп жатасын. Атамбаевди качан айтып чыгасын. Алар деген ЖЭБ боюнча жээрин жешти, акчаларын асманга сапырышты. Анан түштөн кийин баары сүттөн ак болуп чыга келишет. Биринчи эле Сапар керт башы менен жооп берип, монйнуна алып Атамбаев кошо сурака чакырылсын
-1
zhaku2017
2019-02-21 16:22:33
Erik2018,
Нурбек Жээнбековтор тууралуу чындыкты чындыкты айтып жатат. Эки Жээнбеков чычалабай уруу экендерин мойнуларына алышсын.
+3
admin_superstan
2019-02-21 14:16:01
Bazake, такталбаган маалыматты жазуудан алыс болуңуз. Билдирүү өчүрүлдү!
+4
Bektur2011
2019-02-21 14:29:37
нурбек токтакунов айдан аппак болсон айтчы акчаны ким алды уурдалган акча кимде экен 111млн
-3
zhaku2017
2019-02-21 16:19:19
Жээнбековтор бийликтен кетмейинче эч онолбой калдык. Асылбек Жээнбековтор мындай жалган жалаа иштердин далайын жасайт. Эл эч кандай Жээнбековторго ишенбей калышты. Бакиевтер да Жээнбековтордой ушундай акмакчылык иштерди жасашкан. Асылбеке сын айткандын баары жалган жалаа менен камала баштайт. Асылбек коп одурандабай жон жур.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан