КҮНСОБОЛ: Токтакунов жарыялаган "кара кассанын" дагы бир күбөсү өмүрүнөн кооптонуп өлкөдөн чыгып кетти. Эми "кара кассанын" окуясы кандай өнүгүшү мүмкүн?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Эки апта мурун адвокат Нурбек Токтакунов 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле. "Кара кассадагы" маалыматка ылайык, 2010-жылдан тарта КСДПнын саясий технологу болуп келе жаткан Алексей Василивецкийге жалпысынан 12 миллион сомго жакын сом акча берилген.

Василивецкий өмүрүнөн кооптонуп Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткенин жарыялады. Ал билдирүү жасап, өзү Орусиянын жараны экенин айтып, мындан улам президенттик шайлоодо үгүт иштерине катышпаганын, бирок талапкер Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп иштегенин билдирди. Буга чейин Алмазбек Атамбаев да "штабдын эсепчиси эмгек өргүүсүнө чыгып, башка өлкөгө кетип калды, азыр өзүнүн өмүрү үчүн кооптонуп жатат" деген эле.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Токтакунов жарыялаган "кара кассанын" дагы бир күбөсү өмүрүнөн кооптонуп өлкөдөн чыгып кетти. Эми "кара кассанын" окуясы кандай өнүгүшү мүмкүн?" деп собол салды.

БЕКЕШЕВ: “Токтакунов жарыялаган документ менен таанышып чыктым. Чын эле мындай иш-чаралар болгон”

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Дастан Бекешев аталган маселенин айланасында саясий күрөш жүрүп жатканын айтты.

“Токтакунов жарыялаган документте кол болсо, чындык деп айтсак болмок. Азыркы учурда мындай документти баары эле жасап алат. Мен да документ менен таанышып чыктым. Андагы иш-чаралар чынында эле болгон. Эсепчинин документинде "акчаны алып кетти" деген жерине кол коюлушу керек болчу. Кол жок болгону үчүн документ да юридикалык күчкө ээ эмес. Менимче, Токтакунов кол коюлган документтерди чыгарышы керек. Ал өзү да юрист, муну түшүнөт. Бул документ жалган болуп чыкса, Токтакунов өзү жазага тартылышы мүмкүн. Документти ага берген киши дагы соттолушу мүмкүн. Маалыматты чыгарганга жараша далилдеп бериши керек. Балким, чын эле мындай маалыматтар бардыр. Ал эми Фарид Ниязовдун документтерди “чындык” дегени башка маселе. Бул жерде саясий күрөш болуп жатат”, - деди Бекешев.

САСЫКБАЕВА: "Василивецкийдин видеосу "кара касса" чын экенине далил боло алат"

Экс-депутат Асия Сасыкбаева Алексей Василивецкийдин өлкөдөн чыгып кетиши тергөө органдарына көрсөтүлгөн жардам деген пикирин айтты.

"Тергөө органдарына эми "кара кассадагы" бардык адамдарды таап, ким канча алганын, кайсы жактан алганын, жалпысынан канча акча кеткенин аныктоо жеңилирээк болот. Анткени Алексей Василивецкийдин акча алганы көп нерсеге жооп берет жана тизме чын экенине далил боло алат. Василивецкий өзү күбө катары көп нерселерге жооп бериши мүмкүн. Анын видеосу да далил боло алат. Укук коргоо органдары тарабынан "кара касса" боюнча же сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат же аны иликтегенге эрк жетпей жатат. Мындай учурда Башкы прокуратура биринчилерден болуп реакция кылышы керек эле, андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы, УКМК да реакция жасашы керек болчу, бирок бүгүнкү күнгө чейин унчукпай келет. Бул жерде мыйзам бузулганы көрүнүп турат", - деди Сасыкбаева.

БӨРҮБАШЕВ: “Кара касса” окуясына чекит коюлбаса, коомчулукта өйдө-төмөн суроолор боло берет”

Коомдук ишмер, юридикалык илимдердин доктору Бекбосун Бөрүбашев укук коргоо органдары “кара кассага” байланыштуу окуяны колго алышы керектигин баса белгиледи.

“Мында мыйзам бузулуп жатпайбы. Кыргызда прокуратура, милиция, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бар. Алар иликтеп, карап чыгышы керек. “Кара кассага” байланыштуу окуяга чекит коюлбаса, коомчулукта өйдө-төмөн суроолор боло берет. Укук коргоо органдарынын “кара кассага” байланыштуу үн катпаганынын эки жагы бар. Объективдүү жагы - укук коргоо органдары маалыматты тактап аныктап жатканда тергөөнүн купуя сырын ачпашы керек. Субъективдүү жагы - эч качан укук коргоо органдары азыркы бийликти чукубайт. Укук коргоо органдарынын тагдыры азыркы бийликти колунда”, - деди Бөрүбашев.

НАРЫН АЙЫП: “Василивецкий Токтакунов жарыялаган тизмени эл аралык деңгээлге чыгарууну каалап жатат”
Журналист Нарын Айып Нурбек Токтакунов чыгарган маалыматты көп адам тастыктаса гана таасири жогорулайт деген пикирде.
“Василивецкийге баары бир, ал чет өлкөнүн жараны. Аны сот жообуна да тарта алышпайт болчу. Бирок мыйзамда чет мамлекеттин жараны үгүт иштерине аралашпоосу керек деген талап бар. Ал болсо КСДПнын акчасын иштетип Ошко барып, штабдын кызматкери сыяктуу ай сайын социалдык тармактарда мониторинг кылып жүрүптүр.
“Кара кассага” бийлик көңүл бурбай жатат. Алар “документте кол жок, мөөр жок” деген позицияда турушат. Бул да туура. Токтакунов жарыялаган маалыматтарды Фарид Ниязов менен Кундуз Жолдубаева жана бир нече ырчылар “чындык болчу” дешти. Бул аздык кылат. Маселе каралышы үчүн дагы добуш кошулушу керек болчу. Василивецкий бул маселени эл аралык деңгээлге чыгарууну каалап жатат окшойт. Ошон үчүн видеосунда Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасын аралаштырып, “менин консультация бергенге патентим бар” деп жатат. “Кара касса” мурдагы бийликке пайда деле алып келбейт. Алар “мына, биз шайлоо эрежесин бузганбыз” деп жатат да. Мындай болсо, өздөрүн жоопко тартыш керек. Эптеп эле азыркы президентти көөлөө керек болууда. Муну “өзүм өлсөм да, тигини кошо ала жатайын” деп түшүндүрсө болот”, - деди Нарын Айып.
САМУДИНОВ: “Кара кассанын” бар болушу - Атамбаев баш болуп, Ниязов жетектеген штабдын эң негизги күнөөсү”
Жарандык активист Ренат Самудиновдун ою боюнча, бийлик КСДПны жок кылуу ниетинде.
“Кара кассанын" өнүгүшү 2 субъектиден көз каранды. Биринчиси, Атамбаев баш болгон КСДП тарап, экинчиси, Жээнбеков же бийлик. КСДП тарап Василивецкий менен спектакль коюп жатат. Алардын максаты - кандай жол менен болбосун бийликке көө сүйкөп, жамандоо. “Кара кассанын” бар болушу - Алмазбек Атамбаев баш болуп Фарид Ниязов жетектеген штабдын эң негизги күнөөсү. Жээнбеков же бийлик тарап бул тизмеге көп реакция кылбайт болуш керек. Бирок булар “КСДП Атамбаевсиз” деген демилгени аягына чейин ишке ашырып, КСДПны Атамбаевден тартып алып, партияны жок кылат болуш керек. КСДПны кийинки шайлоого аралашпагыдай кылып коюшат. Бул жерде негизинен эч кандай реформа болбой, конструктивдүү сунуштар чечилбей мамлекет уттуруп жатат. Кара пиар, интриганын үстүндө иш алып барышууда”, - деди Самудинов.
ШЕСТАКОВ: “Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы маалыматтык согуш өлкөгө терс таасирин тийгизет”
Саясат таануучу Игорь Шестаков “кара кассага” байланыштуу окуялар мурунку жана азыркы президенттин маалыматтык согушунун кесепети экенин белгилеп өттү.
“Бул окуяда чет өлкөгө чыгып кеткен шайлоо штабындагы саясий технолог Алексей Василивецкийдин Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) кеңешчиси деген статусу бар экени мени көбүрөөк таң калтырды. ПРООНдо иштеп, патенти болгону үчүн ал өзү айткандай акча каражатын алууга анда негиз бар болчу. Муну менен таза шайлоо өткөрүүгө кызыкдар болгон ошол ПРООНдун кызматкери саясий технология менен алектенип жатканын көрүүгө болот. Мындай учурда Алексей Василивецкий башка талапкерлерге карата кара пиар жасоо менен алектенген деген ойлор жаралышы мүмкүн.
ПРООНдун кадр саясаты кандай жүрүп жатканы, бул кырдаалда ПРООН кантип жооп берери кызык болууда. Мен азыр ПРООНдун жетекчилигинин көз карашын угууга кызыгып жатам. Жогоруда айтылгандарды эске алганда ПРООН шайлоого аралашты деген түшүнүк жаралат. Бул нерсени башталышы гана десек болот. Мурунку жана азыркы президенттин ортосундагы маалыматтык согуштун кесепети кандай болорун айтуу кыйын. Бирок маалыматтык согуш өлкөгө терс таасирин тийгизет. Өлкөнү Атамбаевдин тарапташтары, Жээнбековдун тарапташтары деп бөлүп башташат. Азыр, менин оюмча, Алмазбек Атамбаевдин рейтинги төмөн. Буга президенттик кызматта туруп шайлоо кампаниясына активдүү катышканы, кескин саясий билдирүүлөрдү жасаганы себеп болгон. Бул кырдаалдан коомдук-саясий туруктуулукту көрбөй жатам. Окуя кандай өнүгүшүн алдын ала айтуу кыйын”, - деди Шестаков.
Жарандык активист Алга Кылычев соболго жооп берүүдөн баш тартты.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан