19-февралда интернетке жактоочу Нурбек Токтакунов тууралуу видео жарыяланды. Анда айтылган кептер социалдык тармактарда талкуу жаратты.
Видеодо Нурбек Токтакунов "Прецедент" бейөкмөт уюмунун жетекчиси экени, психикалык жактан жабыркай турганы, ошондой эле 2010-жылдагы Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун жактоочусу болгону айтылат.
Мындан сырткары жеке жашоосу жөнүндө да кеп козголот. Жашыруун камерага тартылган видеодон жактоочуга окшош киши менен белгисиз аялдын бөлмөдө кучакташып тургандыгын көрүүгө болот.
Жактоочу видео боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.
Нурбек Токтакунов - учурда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу. Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. Ал эми Токтакунов Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча келишимди ратификациялоодо Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков жана тиешелүү комитет төрагалары жоопко тартылышы керектигин талап кылып келет.
Өткөн жылдын ноябрь айында ал "кара касса" - 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле.