Экономика министрлигинин түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгү жана шаардык салык кызматы Ош шаардык мэриясынын көмөгү менен ишкерлерди колдоо боюнча тегерек стол өткөрүштү. Мэриянын каржы жана экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Чыныбек Тойчиевдин айтымында, тегерек столго ишкерлер аз катышып жаткандыгын өз сөзүндө айтып өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлердин бузулуп жаткан укуктары, салык төлөө процессиндеги кыйынчылыктар айтылды. Оштогу тейлөө тармагындагы ишкерлер ассоциациясынын башчысы Вахабжан Иминовдун билдиришинче, шаардагы унаа каттамдарынын көпчүлүгүнүн патенттери жок. Ошондой эле көмүскө экономикага бөгөт коюу тууралуу сунуштар айтылды.