Экс-президент Роза Отунбаева ЖКда парламенттик угуунун жүрүшүндө сөз сүйлөдү

Бүгүн ЖКдагы “Ар бир балага жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүү!” аталышындагы парламенттик угуунун жүрүшүндө экс-президент Роза Отунбаева сөз сүйлөп, учурда адам ресурсун өстүрүү маселеси курч турганын белгиледи. Экс-президент 90-жылдан кийин өлкөдө бала бакчалар кескин кыскарып, имараттары менчиктештирилип кеткенине токтолду. “Азыркы учурда айылдарда бала бакчалар кайрадан жанданып, борбор шаарыбызда жеке менчик бала бакчалар ачылып жатат. Дүйнө жүзүндө мектепке чейинки билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда”,- деди Отунбаева. Ошондой эле ал бүгүнкү парламенттик угуунун башкы максаты ар бир балага жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүүнүн жолдорун талдоо экенин айтып өттү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан