Өкмөт башчы бир катар акимдерди кызматтан бошотту

Бир катар акимдер кызматтарынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

15-февралда өкмөттүн жыйынында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бир катар жетекчилерине сөгүш берилип, бир нече жетекчини кызматынан бошотуу сунушталган. Буга 2018-жылда аймактарды өнүктүрүү иш-чараларынын алкагында пландалган иштер чала аткарылып, максатына жетпей калганы себеп болгон.

Кызматтан кеткен акимдердин тизмеси:

  • Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы, аким Азамат Эсенбеков;
  • Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы, аким Жумгалбек Дүйшебаев;
  • Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы, аким Масалбек Мырзамамытов;
  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы, аким Майорбек Сатымкулов;
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы, аким Улан Доконбаев;
  • Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы, аким Таалайбек Ажиев;
  • Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Каныбек Камбаралиев.

Ошону менен катар эле министрлик жана мекемелердин айрым жетекчилерине сөгүш жарыяланып, эскертүү берилген.

Сөгүш жарыялангандардын тизмеси:

  • Экономика министри Олег Панкратов;
  • Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева;
  • Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу;
  • Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов;
  • Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова;
  • Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев.

Эскертүү алган министрлик жана мекемелердин жетекчилеринин тизмеси:

  • Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев;
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев;
  • Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов;
  • Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасы Марат Калиев;
  • Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан