Мал издеп чек арадан өткөн ысык-көлдүктөр Казакстанда камактан бошотула элек

Жоготкон малын издешип, Казакстандын чек арасынан өткөн Ысык-Көл облусунун 7 тургуну дагы деле Казакстанда камакта. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы бизге билдирди. Маалым болгондой, жарандардын биринен аңчылык кылуучу курал табылгандыктан учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми Чек ара кызматы ал жарандарды кайтарып алуу үчүн казакстандык тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын билдирди. Эске сала кетсек, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Көк-Көл жайлоосунан бир нече баш малын жоготуп, аны издеп Казакстандын чек арасын 9 жаран кесип өтүшкөн. Алар Түп районунун Корумду айылынын тургундары болгон. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 2 адам Кыргызстанга кайтарылып берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан