Ысык-Көл. Ак-Суу районунда баңгизатын сактап жүргөн 17 жаштагы жигитке кылмыш иши козголду

Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу РИИБинин баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Тепке айылынын 17 жаштагы тургунун баңгизатын мыйзамсыз сактап жүргөнү үчүн кармашты. Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 22-ноябрь күнү бөлүмгө келип түшкөн маалымат боюнча Тепке айылынын 52 жаштагы тургунунун үйү текшерүүгө алынган. Натыйжада үйдөн 1 килограмм марихуана табылган. Үйдүн ээси баңгизатынын кайдан чыкканын түшүндүрүп бере алган жок. Ыкчам иликтөө иштеринин андан аркы жүрүшүндө баңгизат анын уулу Темирге тиешелүү экени белгилүү болду. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан