Ысык-Көл. Жети-Өгүздөгү 14 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү Жети-Өгүз районундагы 14 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Айтымында, окуяга ким күнөөлүү экени тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болот. Эске салсак, 23-июль күнү саат 16:30 чамасында Жети-Өгүз районунун Кытай айылында Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобустун айдоочусу Жаныбек Асанов рулду башкара албай калып, ичинде жүргүнчүлөрү бар унаа жолдун четиндеги теректи сүзүп токтогон. Кырсык болгон жерден 10, ооруканадан 4 адам көз жумду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан