Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районундагы №6/3-үйгө таандык балдар аянты эң таза деп табылды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим Бишкектин Свердлов районунда бүгүн, 24-июлда балдар аянттарынын абалын аныктоо боюнча өткөрүлгөн рейд учурунда чыгарылган. Маалыматка ылайык, Свердлов районунда 238 балдар аянттары бар. Рейд учурунда 11 аянт текшерилип, анын алтоо талаптарга жооп бербей тургандыгы белгилүү болгон. “Айрым аянттарда акыркы 2 жылда оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Анда селкинчектер бузулуп, таштанды ыргытуучу урналар орнотулган эмес”, - деп жазылган билдирүүдө.