АКШда жыл сайын үстүнө сыналгы кулап кеткен 17 миңдей жаш бала ооруканага түшөт

Акыркы 22 жыл ичинде америкалык 381 миңдей жаш бала үстүнө үйдөгү сыналгынын кулап түшкөнүнөн жаракат алган. Бул маалымат Огайо штатындагы балдардын сөөк сыныктары боюнча иш алып барган борбордун изилдөөсүндө аныкталганын өлкөнүн ММКлары жарыялашты. Маалыматка таянсак, АКШда жыл сайын 17 миңдей бала үстүнө сыналгынын кулап түшүүсүнөн жаракат алып, ооруканага түшөт. Балдардын орточо жаш курагы 3 жаш. Жалпы 5 жаштан ылдыйкы балдар 64,3 пайызды түзсө, анын ичинен 60 пайызы эркек балдар болот. АКШда 1990-жылдан 2011-жылга чейин сыналгыдан жабыркаган жаш балдардын саны 2 эсеге өскөнү айтылды. 1990-жылы мындай окуя боюнча өлкөдө 5 455 факты катталып, анын айынан 215 бала каза болгон.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан