Бүгүн, 25-июлда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Курманакун Матенов Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин кол башчысы, полковник Рустам Эминжанов менен жолугушуу өткөрдү. Анда 23-июлда Жалал-Абад чек ара кошуунунун тилкесиндеги Аксы районунун Жети-Загар жергесинде болгон чек ара чатагы талкууланды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу чыр-чатак чыккан жердин өзүндө өттү. Анын жүрүшүндө 2 өлкөнүн Чек ара кызматтарынын башчылары чек ара чатагынын себебин жана жагдайын талкууга алып, тараптардын курал колдонуусунун мыйзамдуулугун териштиришти. Натыйжада тараптардын ар бири өз ойлорун билдиришти. Ошондой эле чек ара чатагы боюнча Аскердик прокуратуралар тарабынан бир тараптуу иликтөөлөр жүргүзүлөрү белгиленди. Ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы такталбаган тилкелерде биргеликте кайтаруу жүргүзүүнү буга чейин бекитилген графигине ылайык мурдагыдай эле уланта берүү макулдашылды. Кыргызстан жана Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын жетекчилери алдыда да мындай окуялар кайталанбашы үчүн чек арачылар мамлекеттик чек арада жүрүү эрежелерин сактоосу керектигин баса белгилешти.