"Ата Мекен" партиясынын юристтерине козголгон кылмыш иш кайра каралмай болду

"Ата Мекен" партиясынын юристтерине козголгон кылмыш иш кайра каралмай болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда маалымдалды. Партиянын юристи Канатбек Азиздин айтымында, бул маселе кайрадан Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунда каралат.

"Мындай чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алды", - деди ал.

Буга чейин Бишкек шаардык соту юристтерге козголгон кылмыш ишти бүгүн карай тургандыгы белгилүү болгон.

Окуянын чоо-жайы:

2017-жылдын 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк ошол учурдагы президент жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен болчу. Башкы прокуратура "билдирүүдө өлкө башчысынын кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилген" деп Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди сотко берген.

2017-жылдын 4-июлунда Бишкектин Октябрь райондук соту "Ата Мекендин" юристтерин "жалган маалымат менен президентти каралады, айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт" деген негиз менен 10 миллион сом айып пулга жыккан. Октябрь райондук сотунун чечимин Бишкек шаардык соту 2017-жылдын 18-августунда күчүндө калтырса, 2017-жылдын 30-ноябрында Жогорку Сот да биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын мүлктөрүн камакка алган. Камакка алынган мүлктөрдүн арасында автоунаа, батир жана жер тилкеси бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан