Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Сот "Ата Мекен" партиясы жана "Заноза" сайты экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтиргени үчүн 13 миллион сом моралдык чыгым төлөсүн" деген Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунова маалымат жыйын учурунда кулаган учактагы жүк Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык деп айткан. Бишкектин Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын доо арызын канааттандырып, "Ата Мекендин" юристтерин 10 миллион сомго, алардын пикирин жарыялаган "Заноза" сайтын 3 миллион сом айыпка жыккан. Аны Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган болчу.