Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов өзү тууралуу айтылып жаткан кептерди төгүндөп билдирүү таратты. Анда Кыргыз өлкөсүнөн азыр эч жакка кетпей турганын жазган.
"Компромат сайттарга жазып жатышат, бирок мен эч жакка кетпейм, Сапар Исаковду таштабайм. Чындыгында эле эки жыл мурун чет өлкөдө изилдөө жүргүзүү үчүн стипендияга документтеримди тапшыргам. Мага макулдук беришти, бирок мен андан баш тарттым. Ушул жакта болом", - дейт Токтакунов.
Жактоочу Нурбек Токтакунов тууралуу акыркы учурларда интернетке түрдүү маалымат таратылып жатат. 19-февралда анын буга чейин алып барган иштери, ден соолугу жана жеке жашоосу жөнүндө видео интернетке чыгып кеткен эле.
Нурбек Токтакунов - учурда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу. Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон коррупция беренеси боюнча айып тагылган. Ал эми Токтакунов Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча келишимди ратификациялоодо Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков жана тиешелүү комитет төрагалары жоопко тартылышы керектигин талап кылып келет.
Өткөн жылдын ноябрь айында ал "кара касса" 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо компаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле.