Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында "Арстанбап" лагеринде "Мекеним менин – Кыргызстан" аттуу спорттук мелдеш болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады. Иш-чараны Базар-Коргон РИИБинин башчысы Абдил Куланбаев ачып, жаштарды мекенчил, патриот болууга чакырды. Спорттук мелдешке райондогу мектептердин 8-11-класстарында окуган 150 жаш спортчу катышты. Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Т.Ахмедова, айыл өкмөт башчылары жана башкалар мелдешке күбө болушту. Футбол боюнча 5 команда, волейбол боюнча 5 команда, шахмат боюнча 16 өспүрүм катышып, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар жана баалуу белектерге ээ болушту.