"Ошто учурда 24 миң ишкер бар, көмүскө иш жүргүзгөн ишкерлер да көп. Алар менен байланышты үзбөй келебиз, ишканаларынын жайгашкан орундары белгилүү",- деди 24-июлда өткөн жыйында Ош мэриясынын экономика, каржы жана ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Чыныбек Тойчиев. Жыйын шаардагы ишкерлерди колдоо максатында өтүп, ага ишкерлер, шаар бийлигинин бир топ өкүлдөрү катышып, тармактагы көйгөйлөрдү талкуулашты. "Борбор Азияда биздин өлкөдө салык төлөө көрсөткүчү төмөн. Ишкерлер көмүскө иштөөгө өтүшөт, салыкчыларга пара берип өз ара макулдашып алышат. Келгиле, өз каалообуз менен салык төлөөгө өтөлү",- деди Тойчиев.