Жалал-Абад ОИИБи: Чаткалдагы кыргыз-кытай жаңжалына себепкер болгон "Альянс" компаниясы убактылуу ишин токтотту

Жалал-Абаддын Чаткал районунда кен казып иштеген "Альянс" компаниясынын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы 25-июлда кабарлады. Айта кетсек, 24-июлда аталган компаниянын кызматкерлери менен жергиликтүү жашоочулардын ортосунда жаңжал чыккан. "Жергиликтүү жашоочулар "таза сууну булгап жатасыңар" деп компанияга нааразычылык билдиришип, ортодо жаңжал чыгып кеткен. Окуя болгон жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барышып, абал менен жакындан таанышышты. Ал эми аталган фирманын иши убактылуу токтоп турат",- деп билдиришти ОИИБден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан