Чынгысбек Узакбаев: "Учурда Кыргызстанда 111,9 миң гектар жердеги буудай чабылды"

Учурда Кыргызстанда 111,9 миң гектар жерден буудай чабылганын, бул көрсөткүч жалпы буудай себилген аянттын 32,3 пайызын түзөрүн бүгүн, 25-июлда маалымат жыйынында айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев билдирди. Айтымында, 1 гектар жерден 28,5 центнер буудай чогултулууда. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 9,9 центнерге көп. “Эң жакшы түшүмдүүлүк Жалал-Абад облусунда байкалууда. Ал жакта 1 гектар жерден 33,3 центнер буудай алынып жатат”,- деди министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан