Шайлоо күнү Бишкекте ар бир шайлоо участкасын бештен милиция кызматкери жана элдик кошуундун өкүлдөрү көзөмөлдөшөт
25-ноябрда өтүүчү Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо ар бир шайлоо участкасын 5 милиция кызматкери жана 5 элдик кошуундун өкүлдөрү көзөмөлгө алып турушат. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов укук коргоо органдарынын жетекчилиги менен жолугушууда айтылды. Калаа башчысы аларды тамак-аш менен камсыз кылуу зарыл экенин белгиледи. Белгилүү болгондой, шайлоо күнү элдик кошуундун миңден ашык өкүлү кызмат кылат.