25-июлдан 31-августка чейин жалпы узундугу 206 метрди түзгөн суу түтүктөрүн оңдоого байланыштуу Бишкектин Саадаев көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Түтүктөрдү оңдоп-түзөө иштери “Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Оңдоп-түзөө иштери аяктаган соң “Бишкексууканал” ишканасы жолдун тиешелүү бөлүгүн калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт.