Таластын Кара-Буура районунда жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жайкы лагерь ачылды. 25-июлда райондун акиминин орун басары Салкын Карбозова билдиргендей, бул лагерь мурда иштебей турган мейманкана болчу. “Быйыл 60 бала эс алат. Демөөрчүлөр, райондогу мекеме, уюмдардын жетекчилери колдоо көрсөтүп, керектүү эмеректер алынды. Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы демилге көтөрүп, шахмат ойноочу жана эс алуучу чоң чатыр тигип беришти”,- дейт ал.